Теги бельгиялык болгон америкалык актёр жана режиссёр Жан-Клод Ван Дамм Бельгиянын Беркем-Сент-Агат деген жеринде туулган. Ал кичинекей кезинде алсыз болуп, көп ооруган, балет менен алектенген. 11 жашында атасы француз каратисти Доминик Валерге алып барган, жарым жыл машыккан соң Ван Дамм оору эмне экенин унуткан. Жадакалса мугалимдери андан келечекте мыкты спортчу чыгарын айтышкан. Спортто бир топ ийгиликтерге жетишкен ал өзүн актёр катары сынап көрүүнү чечет, бирок Голливуд аны кучак жайып тосуп алган эмес. Андыктан ал алгач айдоочу, чыгыш күрөшү боюнча мугалим болуп эмгектенет. Башында эпизоддук тасмаларга тартылып, кийинчерээк режиссёрлордун көзүнө түшкөн.
Жан-Клод Ван Дамм жалпысынан 50дөн ашык тасмага тартылган. Алардын ийгиликтүүлөрү: "Кандуу спорт" (1988), "Кикбоксёр" (1989), "Бейбаш" (1990), "Кош сокку" (1991), "Универсалдуу жоокер" (1992), "Татаал бута" (1993), "Ж.К.В.Д." (2008), "Ээ-жаа бербегендер-2" (2012).
18-октябрдын жылнаамасы.