Бишкектеги “Аккула” ат майданында 19-апрель күнү коомдук ишмер жана каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналып көк бөрү боюнча мелдеш өтөт. Маалым болгондой, анда Чүй облусундагы 5 көк бөрү командасы күч сынашып, жыйынтыгы 21-апрелде чыгат. Айта кетсек, Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусундагы Жайыл районунун Ала-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген. Анын жашоосун чагылдырган "Бүткүл жашоо - трюк" аттуу даректүү тасма тартылган. Көптөгөн тасмаларда роль жараткан Кудайбергенов 2005-жылдын 10-апрелинде дүйнөдөн өткөн.