Борбор калаадагы эс алуучу жайлардын биринде ырчы Абир Касенов чыгармачылык кечесин өткөрдү. Ырчыны чыгармачылык ийгилиги менен куттуктап кесиптештери, достору келишти. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү ырчылар Арсен, Салтанат Аширова, Айымжан, Аско, Айпери Кубик кызы "тамашоучулар" Санжар Мыкыев, Азамат Исмаилов жана башкалар кеченин көркүнө көрк кошуп, өздөрүнүн жана дүйнөлүк хит ырларды аткарып жатышты.
"Кечени өткөрүүнүн себеби - достор менен мамилени бекемдөө, чыгармачылык тууралуу баарлашуу. Ошондой эле "Образ твой" деген ырымдын клибинин бет ачары болду. Негизи, клип тартууга көп шашылбайм. Ар бир чыгарманы жарыкка чыгаруунун өз убактысы бар деп ойлойм. Буюрса, алдыда чоң жеке концерт коюу пландарым бар. Даярдыктар акырындап көрүлүп жатат. Чыгармачылыкта болсо чыгарма жазуу, иштөө менен алекпиз", - дейт Абир Касенов чыгармачылык кечеси тууралуу.