Борбор калаада 23-октябрь күнү КВНдин "Ала-Тоо" аймактык лигасынын жарым финалдык беттеши, Бишкек шаардык мэриясынын Кубогу өтөт. Анда финалга чыгуу үчүн 8 команда ат салышат. Жеңүүчү аталган командага Сочи шаарындагы фестивалга жолдомо ыйгарылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Позитифф" командасынын оюнчусу Актан Рыскелдиев билдирди.
"Оюн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Ага "Азия MIX" командасы конок катары чакырылды. Командалар "Саламдашуу", "Биатлон" жана "Бир ырдын сынагы" аттуу үч сынакта таймашат. Биз менен эле ойноп жүргөн командалар, андыктан финалга өтүү үчүн болгон аракетибизди көрөбүз. Бирок өзүбүзгө өзүбүз атаандаш болуп, жакшы чогула албай жатабыз. Оюнга катуу даярданып, финалга өтүшүбүз зарыл, себеби чемпион аталган командага Сочиде өтчү фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгү берилерин убадалап жатышат", - дейт А.Рыскелдиев.
Белгилей кетсек, оюнда Тажикстан, Казакстан жана Бишкек шаарындагы курама командалар өз ара күч сынашат.