Бүгүн, 18-октябрда орусиялык актёр Сергей Безруков 43 жашка толду. Ал Москвада төрөлгөн. Көрүүчүлөр "Бригада" телесериалы аркылуу Саша Белый деп тааный башташкан. 2002-жылдын сентябрь-октябрь айларында сериал жарыкка чыкса, жыл аягында актёр Орусиядагы "Жылдын жүзү" сынагында "Жылдын актёру" наамына ээ болгон. Ал эми 2008-жылы Безруков "Орусиянын Эл артисти" наамына татыган. Ал "Азазель", "Есенин", "Участок", "Мастер жана Маргарита", "Пушкин. Акыркы дуэль", "Тагдыр тамашасы. Уландысы", "Адмиралъ", "Энелер" өңдүү тасмаларга тартылган.
Сергей Безруков 2000-жылы Ирина Ливанова аттуу актрисага үйлөнгөн. Түгөйлөр 15 жыл чогуу жашап, эки ажырым жолго түшүшкөн. Буга Кристина аттуу айымдын Сергейден бир кыз, бир уул төрөгөндүгү, алар тууралуу актёр көп жылдар бою жашырып келгендиги себеп болгон. Арадан көп өтпөй, 2016-жылдын март айында Безруков режиссёр Анна Матисонго үйлөнүп, ушул эле жылы 4-июлда кыздуу болгонун сүйүнчүлөгөн.
18-октябрдын жылнаамасы.