"Агамды мыкаачылык менен өлтүргөн Айдай Субановага карата чыккан чечим боюнча шаардык сотко кайрылабыз" дейт маркумдун иниси

"Күйөөсүн жиликтеген" деп айыпталган келин Айдай Субанованын иши боюнча 14-октябрь күнү соттун өкүмү чыкты. Өкүмгө ылайык, ал күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул чечимге макул эместигин жана доо арыз менен шаардык сотко кайрыла тургандыгын маркумдун иниси Шерлан Оркошев бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошев 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bazana
2016-10-18 15:27:29
16жылда итогу чыгып чыгат турмодон.
+4
Izdeim_seni.
2016-10-18 15:36:11
кудай башка салбасын мындайды
+6
aismiris
2016-10-18 18:41:25
16 жыл берсе 2 жылын отуруп койду дагы 6-7 жылдан кийин чыгып кетет
+2
Rifle_I
2016-10-18 22:38:50
16 жылга камалды го ? Туугандарынын иалабы боюнча дагы камаш керекпи же өмүр бою камаш керекпи ?

Менимче бул жерде бир сыр бар. Кыз кишинин күчү жетпейт эле эркек адамды мындай мыкаачылык менен өлтүрүүгө.
0
chon.alai.
2016-10-18 23:00:14
патстава
0
Taku.14.02
2016-10-19 09:03:12
ХХХ олтуруп алып кыз мойнуна алып атканго ХХХ катуу суйсо керек менин ойум
0
admin_portal
2016-10-19 09:23:59
Taku.14.02, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
0
Azizbekbek
2016-10-19 12:22:20
Чынында 20 жыл бериш керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан