Кечээ, 18-октябрда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде индиялык заманбап сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө Индия өлкөсүнүн Кыргыз жериндеги элчилигинин өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин айтымында, Индиянын сүрөтчүлөрүнүн оригинал эмгектери коюлган мындай көргөзмө Бишкекте алгачкы ирет өтүп жатат.
"Бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы жолу Индиянын заманбап искусствосунун оригинал эмгектери көрсөтүлүүдө. Бул Индия өлкөсүнүн Кыргыз жериндеги элчисинин колдоосунда ишке ашып жатат. 30дай сүрөтчүнүн 50гө жакын эмгектери коюлду. Буга чейин АКШ, Англиянын бир нече шаарларында көрсөтүлүп келсе, бүгүн бизде көрсөтүү бактысы буюруптур. Бул биздин коноктор, шаардыктар, студенттер үчүн эле эмес, профессионал сүрөтчүлөрүбүз үчүн да чоң сюрприз десек болот. Себеби Индия заманбап сүрөт искусствосу дүйнөдөгү эң күчтүүлөрдүн бири болуп саналат", - дейт сүрөтчү.
Көргөзмө бир жумага созулат.