Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин Балыкчы метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 18-октябрь күнү кечки саат 19:40дан 19-октябрь, саат 06:15ке чейин катуу шамал катталды. Шамалдын ылдамдыгы түндүк-батыштан согуп, секундасына 28 метрге чейин жеткен. Учурда тактоо жана иликтөө иштерине Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.