Бүгүн, 19-октябрда ырчы Нурмат Садыров 28 жашка толду. Ырчы өздүк майрамын Инстаграмдагы баракчасы аркылуу апасына сүйүүсүн, мээримин билдирүү, куттуктоо менен баштады.
"Арнасам аздык кылат сунган гүлүм,
Апакем, бүгүн менин, сенин дагы туулган күнүң.
Жүрөгүмдү бергим келет баарын таштап,
Баласы үчүн бар өмүрүн сунган күнсүң", - деп жазды ырчы. Ошондой эле SUPER.KG порталына туулган күнү кантип башталганын, апасына сюрприз даярдап жатканын айтып буларга токтолду:
"Туулган күнүм жакшы маанайда башталды. Азыр үйдөмүн. Эртең менен "Жан апам" ырымдын клибинин акыркы кадрларын тартып келдик. Монтаждоо иштери калды. Буюрса, кечке чейин баарын бүтүрүп, туулган күнүмдө апама сюрприз кылайын деп жатам".
Белгилей кетсек, ырчы Токтогул районундагы Торкен айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ырчынын репертуарында "Сүйгөн жүрөк", "Жүрөгүм", "Сага байланам", "Мен сүйгөн менен пайда жок", "Сени көрүп мен өзгөрдүм", "Жазым", "Торгоюм" жана башка ырлары бар.
19-октябрдын жылнаамасы.