Бүгүн, 19-октябрда "Байлар да ыйлашат" телесериалы аркылуу атактуу болгон мексикалык актриса, ырчы, телеалпаруучу Вероника Кастро 64 жашка толду. Ал Мехико шаарында төрөлгөн. Актрисага атак-даңкты "Байлар да ыйлашат" жана "Жапайы Роза" аттуу сериалдары алып келген. Жалпысынан 40тан ашык тасмада башкы ролду жараткан актриса кийин кинодон бир аз четтеп, телеалпаруучулук менен алектенүүгө өткөн.
Учурда актриса заманбап жаңы чыгуулардан артта калбоого аракет кылат. Ошондой эле интернеттин активдүү колдонуучусу болуп, жеке жашоосундагы жаңылыктары, эскерүүлөрү менен бөлүшүп, көбүнчө архивдик сүрөттөрүн жүктөп турат. Чет элдик басылмалардын билдиргенине караганда, Вероника Кастро жүзүнүн жылмакайлыгына, жаш көрүнгөнүнө пластикалык хирургдардын жардамы чоң. Ал эми келбетин келишимдүү, бир калыпта кармап жүрүү үчүн спорт менен алектенет.
19-октябрдын жылнаамасы.