Ош шаарынын жашоочулары үчүн 22-апрель күнү массалык чуркоо уюштурулат. Ош шаардык мэриясы билдиргендей, иш-чаранын максаты - шаардыктарга ден соолуктун маанисин түшүндүрүү, аларды спортко үндөө. Анда шаар тургундары жеңил атлетика боюнча мелдешке түшүп, 400 метр, 500 метр, 1,5 чакырым жана 2,2 чакырым аралыкка чуркашмакчы. Мелдештин жыйынтыгында алдынкы орунду ээлегендерге диплом жана баалуу белектер ыйгарылат.