Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк кулатуу-эр таймаш боюнча мелдеште Дүйнө чемпионунун титулу үчүн 3 таймаш болот

Дүйнөлүк кулатуу-эр таймаш боюнча турнир Бишкек шаарында 22-октябрда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Дүйнөлүк эр таймаш федерациясынан (WEF) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк кулатуу-эр таймаш боюнча "WEF-6 GRAND PRIX-2016" турнирине 7 өлкөнүн мыкты спортчулары келишет. Кыргыз өлкөсүнөн 15 спортчу катышса, үчөө Дүйнө чемпионунун титулу үчүн күрөшөт.

"Бул турнирде өзүнүн чемпиондук титулун өзбекстандык Сирожидин Ешонбаев коргойт, анын атаандашы кыргыз спортчусу Бусурманкул Абдибайт уулу. Ошондой эле кыргыз спортчусу Актилек Жумабек уулу да чемпиондук титулун коргоп, тажикстандык Фаридун Вадилов менен таймашат. Ал эми кыргыз спортусу Эрлан Нурбек уулу тажикстандык Давлатов Диловар менен таймашат", - дешти басма сөз кызматынан.

Мындан сырткары Гран-при үчүн кыргыз мушкери Самат Эмилбеков дагестандык Багаудин Абасов менен кез келери белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2016-10-19 14:48:37
Алга кыргыз алга
+2
Omurbek998
2016-10-19 15:02:37
Ийгилик!
0
tashi62
2016-10-19 16:55:07
Бусурманкул тытып жеп кой .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан