ИИМ академиясынын курсанттары жиу-житсу боюнча Варшавада өтө турган чемпиондукка катышуу укугуна ээ болушту

Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары 15-16-октябрь күндөрү жиу-житсу боюнча Бишкекте өткөн чемпиондукта аталган спорттун түрү боюнча Европада өтүүчү чемпиондукка катышуу укугун жеңип алышты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы бүгүн, 19-октябрда билдирди.

Спортчулар 18 салмактык категориясында чыгып, жыйынтыгында академиянын курсанттары байгелүү орундарды алышкан. Күлчоро Сабыров (85 кг) 1-орунду, Адыл Анарбаев (56 кг) 1-орунду, Арстанбек уулу Сыргак (77 кг) 1-орунду, Дилмурат Айдарбеков (77 кг) 1-орунду ээлегени маалым болду. Ошондой эле 2-3-орундарга экиден курсант ээ болгон.

"Жиу-житсу федерациясы команданын машыктыруучусу, милициянын майору Жакшылык Байтерековго ыраазычылык билдирип, взводдун командири, милициянын лейтенанты Мамырбек Абдымомуновго сертификат тапшырды. Байгелүү орундарга ээ болгон курсанттар 20-28-ноябрларда Варшавада өтүүчү Европа чемпиондугуна катышуу лицензиясына ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан