"Атанын керээзи" тасмасынын жаратуучулары 23-октябрда АКШга бир топ фестивалдарга катышуу үчүн учуп кетүүнү пландап жатышкан. Бирок виза берилбей калган, азыр бул боюнча маселелер чечилип жатат. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган тасманын режиссёру Дастан Жапар уулу билдирди.
"АКШга Азия дүйнөлүк кинофестивалы, "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына барууну пландап жатканбыз, бирок бизге виза беришкен жок. Жалпыга бирдей жооп берилген катта "Силер консулду Кыргыз өлкөсүнө кайра кайтып келериңерди ынандыра алган жоксуңар. Америкада калып калышыңар мүмкүн экен" деген маанидеги билдирүү бар экен. Бүгүн виза берилип калса, 23-октябрда учуп кетүүнү пландап жатканбыз. Биздин тасма өкмөттүк деңгээлде каралып жаткандыктан, жакын арада бул маселе чечилет. Бизге Тышкы иштер министрлиги тарабынан чечилип калышы мүмкүн экенин айтып чалып жатышат", - дейт режиссёр.
Азия дүйнөлүк кинофестивалы Лос-Анжелес шаарында 24-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, "Атанын керээзи" толук метраждуу тасмасы бүткүл дүйнөлүк "А" класстагы Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда дебюттар арасында "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Оскардын" лонг-листинде (сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин алдын ала түзүлгөн узун тизмеси) "Чет тилиндеги мыкты фильм" номинациясында тартууланат. Андан соң сыйлыктын шорт-листине кирүүгө ат салышат.