Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду, бирок дыйкандар өткөрө албай убара

Учурда Чүй жана Талас облустарында кант кызылчасын жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Өлкөдө “Кайыңды-Кант” заводу кант кызылчасын кабыл алып, даяр продукт кылып чыгарган жалгыз гана ишкана болгондуктан, анда кезек күткөн дыйкандардын саны арбын. Алардын бири Чүй районундагы Прогресс айылынын тургуну Медер Кеңешов эки жылдан бери кант кызылчасын өстүрүп келет. Быйыл да 1,5 гектар жерге кызылча айдаган.

Кезектин көптүгүнөн алынган түшүм кар алдында жатат. Кант кызылчасын кабыл алуучу жайларда 500гө жакын унаа кезекте турат. Күнү-түнү кабыл алуу иштери мындан эки жума мурун эле башталды, мурда эле ушинтип 3 нөөмөттө иштешсе, мындай маселе жаралбайт болчу. Кээде заводдун кабыл алуучу техникалары бузулуп калууда. Аларды оңдоп-түзөө иштери жайында эле жүрүш керек эле”, - дейт Медер Кеңешов.

Ал эми “Кайыңды-Кант” заводунун Чийки зат департаментинин директору Руслан Рафибеков кант кызылчасын кабыл алуучу пункттар күнү-түнү иштеп жатканын айтат.

Кант кызылчасын кабыл алуу 1-сентябрдан тарта эле башталган. Кезек күткөндөрдүн саны арбын болууда, бирок бул маселени жоюуга аракет кылуудабыз. Токмок, Беловодск жана Кайыңдыдагы кабыл алуучу пункттар күнү-түнү иштеп жатышат. Күнүнө 15-17 миң тоннага чейин кант кызылчасын кабыл алып жатабыз. Азыркы тапта жалпы 300 миң тоннадан ашык кант кызылчасы кабыл алынды. Кабыл алуу иштери ноябрь айынын ортосуна чейин толук бүтүшү керек”, - дейт Рафибеков.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, быйыл Чүй облусунда 10 800 гектар, ал эми Талас облусунда 500 гектар жерге кант кызылчасы айдалган.

Кант кызылчасын иштетүүчү жалгыз гана “Кайыңды-Кант” заводу бар. Ал болгону күнүнө 3 миң тонна кант кызылчасын иштете алат. Быйыл түшүм жакшы болгондуктан, кабыл алып жетишпей жатышат. Кийинки жылы Сокулуктагы “Кошой” заводун ишке берели деп жатабыз. Мурда 7 завод бар эле, алардын көбү сатылып, жок болуп кетти”, - дейт аталган министрликтин Азык-түлүк коопсуздук жана агромаркет башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков.

Адистердин айтымында, быйыл 600 миң тоннага чейин кант кызылчасын алуу пландалууда. Бул кумшекерге болгон жалпы керектөөнүн 60 пайызын камсыздай алат.

Ал эми Экономика министрлигинин маалыматына караганда, былтыр 183 миң тонна кант кызылчасы алынып, жалпы калктын керектөөсүнүн 20 пайызын камсыздаган. Калган 80 пайыз керектөө сырттан ташылган кумшекер менен толтурулган.

"Бул жылы сырттан ташылган кумшекердин көлөмү аз. Акыркы 8 айда 15 538 тонна даяр кумшекер импорттолгон. Алардын көпчүлүгү Азербайжан (6900 тонна), Казакстан (1888 тонна), Украина (3159 тонна), Румыния (2515 тонна), Австрияга (1 тонна) таандык", - деп айтышты Экономика министрлигинен.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөгө 2011-жылы 86,120 миң тонна, 2012-жылы 82,683 миң тонна, 2013-жылы 82,724 миң тонна, 2014-жылы да 82,720 тонна кумшекер башка өлкөлөрдөн ташылып келинген.

Негизи эле калкка керектүү азык-түлүктүн сырттан ташылып жатышы өлкө үчүн пайдасыз. Мисалы, бир эле кумшекерди алсак, жалпы керектөө 120 миң тонна. 2014-жылы анын 82,720 тоннасы сырттан ташылып келген. Ошол жылга карата кумшекердин 1 килограммынын баасы 50 сом десек, анда 4 миллиард 136 миллион сом сыртка чыккан.

Бул акчага Беларусь 82-1 үлгүсүндөгү 3 миң трактор алса же күнүнө 20 тонна сүттү кайра иштетүүчү 4800 кичи завод курса болот. Албетте, бул акчаны сыртка чыгарбай кармап калууга өлкөдө толук мүмкүнчүлүк бар. Ал эле эмес, кумшекерди сыртка экспорттоого эмнеге болбосун? Бул үчүн мамлекет дыйкандарды колдоп, аларга шарт түзүп берип, кант кызылчасын иштетүүчү заводдорду курбаса да, жок дегенде иштебей турган заводдорду ишке киргизүү зарыл. Бүгүнкүдөй кезек күтүп, алынган түшүм жолдо калбаш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kichmando
2016-10-20 17:46:36
мамлекеттин келечегин ойлогондор көбөйүп, кеңешип иш кылышса кана?! Баары эле өз долясын алсам болду дегендер. Бул жагдай абдан өкүндүрөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан