19-октябрда борбор калаадагы ресторандардын биринде ырчы Нурмат Садыров туулган күнүн ата-энеси, сахналаш достору жана жакын туугандарынын курчоосунда белгиледи. Кечеде ырчылар Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев, Дайыр Исмадияров жана башкалар болушту. Ошондой эле бул күнү ырчы "бала чагымдан бери апама арнаган чыгарманы эл алдында ырдасам, энемди клипке кошуп тартсам" деген кыялы орундалганын айтып, "Жан апам" ырынын клибинин бет ачарын өткөрүп, апасына сюрприз кылды.
Ырчыны туулган күнү менен куттуктаган ата-энеси бардык каалоо-тилектерге кошуларын, уулу менен сыймыктанарын, уулу жарык дүйнөгө келер күнү ырчы Тургуналы Нурматов алар жашаган айылга концерт коюп барганын айтышты. Андан улам атасы Нурматовдой белгилүү ырчы болсун деп Тургуналы деген ысым ыйгарууну каалаганын, бирок жубайына Нурмат деген ат көбүрөөк жаккандыктан наристесине Нурмат деген ысымды ыйгарганын билдиришти.
Ал эми ырчынын апасы Базаркан Тажибаева уулу менен сыймыктанарын, клипти көрүп толкунданганын айтат: "Ар бир эне сыяктуу уулумдун ийгиликтери менен сыймыктанам. Кичинекей кезинен бери кыялданып келген тилектери орундалып жатат. "Сизге арнап жазган ырымды ырдайм, клипке тартам" деп айта берчү. Мына бүгүн ошол ойлору ишке ашты. Албетте, абдан толкунданып турам. Уулумдун мындан кийинки иштерине, чыгармачылыктарына ийгилик каалайм".