7 дубан элди биримдикке чакырган “Бажарики” тасмасы жабык форматта көрсөтүлдү

Бүгүн, 19-октябрда "Манас" кинотеатрында “Бажарики” кинотасмасы жабык форматта көрсөтүлдү. Ага актёр, актрисалар, маданият өкүлдөрү, тасмага катышкандардын жакындары келишти. Тасма саат 18:00дө башталары жазылганы менен, 2,5 саат кечигип, саат 20:28де башталды. Бул жагдайды тасма жаратуучулары техникалык жактан маселелер болгону менен түшүндүрүштү.

Тасмага Жоробек Аралбаев, Улан Жумабаев, Улан Барпиев, Максат Усенов, Атай Өмүрбеков, Шумкар Бейшеналиев, Радик Эшимов, Нуриза Бектурова, Айкөл Аликжанова жана башкалар тартылышкан. Фильмдин режиссёру жана сценарийдин автору - Амантур Ормуков. Ал эми тасманын продюсерлеринин бири Нурлан Жаныбеков төмөнкүлөргө токтолду: "Тасманы тартуу иштери 2 айга созулду. Аны жаратуудагы башкы максатыбыз - 7 дубан элибизди биримдикке чакыруу. Жанры комедия болгону менен, олуттуу маселелерди чагылдырганга аракет кылдык".

Актриса, модель Айкөл Аликжанова бул тасма ал тартылган эң акыркы тасма экенин айтып, себебин хиджаб кийип, дин жолуна түшкөндүгү менен түшүндүрдү. Кечеде актриса сахнада сөз сүйлөп жатканда болочоктогу жолдошу роза гүлдөрүнөн жасалган көлөмдүү гүлдесте белек кылды.

Тасманын башкы каарманы Дамирдин 6 кызы бар. Үйлөнгөндөн бери эле уулдуу болууну самап келет, бирок тилеги аткарылбай калган. Кыздарынын бешөө 5 дубандын жигиттерине турмушка чыккан. Башка облустардын тургундарын анча жактырбаган Дамир 6-кызынын бишкектик жигитке турмушка чыгуусун пландап жүрөт. Атасынын туулган күнүн өткөрөбүз деген кыздары, күйөө балдары анын үйүнө чогулушат. Башкы каармандын жашоосун өзгөртө турган окуялар мына ошол жерден башталат...

Айкөл Аликжанова “Бажарики” акыркы тартылган тасмасы экенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tashi62
2016-10-20 00:41:36
Кызык окшойт
-2
Izdeim_seni.
2016-10-20 01:19:19
бажарики деген да соз барбы
+6
Riokyrgyz
2016-10-20 08:07:22
Izdeim_seni.,ошону айтсан
+4
Uson13
2016-10-20 08:01:49
Айкөл азамат кыз экен туура жолду тандаптыр Аллах сенден ыраазы болсун
+9
Abdurahman
2016-10-20 08:02:20
Олкобуздо жети дубан бар го. 7 кыздуу кылбаптыр да режиссер
+1
Lucifer_Morningstar
2016-10-20 09:36:21
My first comment here
0
Abdurahman
2016-10-20 09:58:08
Lucifer_Morningstar,Oh really? where are you from?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан