Бишкек шаарында 28-31-октябрь күндөрү КМШ өлкөлөрүнүн IV "Үмүт" кинофоруму өтөт. Бул жылы форум Гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фонд (МФГС) тарабынан колдоого алынып, ага КМШ өлкөлөрүнөн, Грузия жана Батыш Европадан жаш режиссёрлордун, белгилүү кино сынчыларынын, продюсерлердин катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге кино изилдөөчү Гүлбара Төлөмүшова билдирди.
"Бул жылы алгачкы жолу "Үмүт" кинофоруму эл аралык деңгээлде уюштурулуп жатат. Учурда иш-чарага карата кызуу даярдыктар жүрүп, программаларды түзүп жатабыз. Форумдун аты айтып тургандай эле, анда Кыргыз өлкөсүнөн, КМШдан чыккан жаш, таланттуу режиссёрлордун эмгектери көрсөтүлөт. Бизден Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров сыяктуу белгилүү жана эл аралык сынактарда тасмалары ийгилик жаратып жаткан жаш режиссёрлор катышат. Форум жаштарга чыгармачылык дем-күч берип, бул жаатта тажрыйба алмашып, мыкты чыгармаларды жаратуусуна, келечекте кино ааламын өнүктүрүүгө өз салымдарын кошо алат деп ишенебиз", - дейт Г.Төлөмүшова.