Сокулук районунда бир нече уурулук фактыларына шектелип 22 жаштагы Талас облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 48 жаштагы Селекция айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын үйүнө кирип, ноутбук жана зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Талас облусунун 22 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн бул сыяктуу дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.