Биз социалдык тармакта

Ирактын түндүгүндөгү жардыруудан улам 16 адам курман болду

Ирактын түндүгүндөгү Киркук провинциясында жардыруу болуп, 16 адам курман болду. Каза болгондордун арасында Ирак жана Ирандын жарандары бар. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда окуя бүгүн, 21-октябрда болгон.

“Куралчан 3 жан кечти-согушкер Ирактын түндүгүндө курулган электр станциясына кол салышкан. Кол салуусу ийгиликсиз болуп калганда экөө өздөрүн жардырышкан. Коопсуздук кызматкерлери 1 террористти жок кылууга жетишкен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, бүгүн шаардагы өкмөттүк имараттарда мындан тышкары бир нече жардыруу жана атышуу болгон", - деп жазылат маалыматта. Ошондой эле акыркы маалыматтарга таянсак, аталган жардырууну "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу мойнуна алгандыгы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2016-10-21 15:53:26
Ислам мамлекети деп евйрейлер айтып койду. Алар ислам менен жашаган болгондо мындай жардыруулар болбойт эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан