Бишкекте 25-октябрда бильярд спорту боюнча эркектер арасында Дүйнө биринчилиги өткөрүлөт

Бишкекте бильярд спорту боюнча эркектер арасында Дүйнө биринчилиги өткөрүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 21-октябрда маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Бильярд федерациясынын президенти Каныбек Сагынбаев билдирди.

"Бишкекте өтө турган Дүйнө биринчилигине 26 өлкөдөн спортчулар жана өкүлдөр келмей болушту. Жалпысынан спорттук мелдешке 125 спортчу катышат. Бул мелдешти өткөрүүгө Бильярд федерациясы бардык даярдыктарды көрдү. Аталган мелдеш 25-октябрдан 29-октябрга чейин уланат", - деп билдирди Сагынбаев.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке чет өлкөдөн бильярд оюну боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиондору катышат. Ал эми Кыргыз Республикасынан 7 спортчу катышуу мүмкүнчүлүгүн алган. Алардын катарында Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев, Дүйнөнүн 1 жолку чемпиону Дастан Лепшаков катышат.

Каныбек Сагынбаев аталган мелдештин жүрүшүндө Орусия, Украина жана Казакстандан келген спортчулар кыргыз спортчуларына негизги атаандаш болушарын белгиледи. Белгилүү болгондой, байгелүү орундарга 30 миң АКШ доллары каралган. Мелдештин жеңүүчүсүнө 8 миң АКШ доллары жана "Дүйнө чемпиону" наамы ыйгарылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
batkendik.18
2016-10-21 17:02:21
Ошондо озуда ойнойбу
0
keba300989
2016-10-21 17:19:57
Алга Сагынбаев
0
marlis06
2016-10-21 17:55:08
Жакшы иш-чара экен, жакшы откозуп. Дуйно чемпиону болгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан