Бүгүн, 21-октябрда орусиялык актёр жана режиссёр Никита Михалков 71 жашка толду. Ал Москва шаарында туулган. 1956-1959-жылдары Москва консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектепте фортепиано классында окуган. 1963-жылы Щукин атындагы театралдык окуу жайга тапшырып, 1966-жылы тасмага тартылгандыгы үчүн окуудан чыгарылган. Себеби ал окуу жайдын студенттерине окууну аяктагыча тасмага тартылууга тыюу салынган. Кийин ВГИКтин (Орусия мамлекеттик кинематография институту) режиссёрлук факультетинин 2-курсуна отуруп, аны 1971-жылы аяктаган.
"Ал окуяны эстегенде азыр да уялып кетем. Жаңы эле тасмага тартылып бүткөн кез эле. Сүрөтчү жигит эсеби жетпеген менин сүрөттөрүмдү тартып берди. Анан анын баарын бөлмөгө чаптап чыгып, өзүмө ыраазы болуп калдым, себеби мен искусствого, агама (Андрей Михалков-Кончаловский) жакындап калган элем. Бир күнү ошол бөлмөгө кирип, илинип турган белгилерди көрдүм. Аны карап баратып чоң атамдын атасынын жөнөкөй сүрөтүнө көзүм түштү. Сүрөттүн алдында "Уялсаң боло. Бабаларыңдан үлгү ал" деген жазуу бар экен".
Бул актёрго катуу таасир берип, уяткаргандыктан, азыр дагы үйүндө жеке сүрөттөрү жок экени айтылат.
21-октябрдын жылнаамасы.