Кыргыз өлкөсүндө тартылган "Ак илбирстин падышалыгы" аталышындагы тасма Нью-Йоркто көрсөтүлдү

Нью-Йоркто "Ак илбирстин падышалыгы" аталышындагы тасма көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу туруктуу өкүлү Миргүл Moлдоисаева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тасма жапайы жаратылышты сактоо боюнча уюштурулган кинофестивалда көрсөтүлгөн. Маалым болгондой, "Ак илбирстин падышалыгы" тасмасы германиялык продюсер тарабынан тартылган.

"Аталган иш-чарада 2017-жылы Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк ак илбирсти сактоо боюнча форум өткөрүлөрү айтылды. Катышуучулар Ак илбирстин эл аралык күнүнө арналган иш-чарага чакырылды. Буга чейин ак илбирс боюнча дүйнөлүк форум Бишкекте 2013-жылы 22-23-октябрь күндөрү өткөрүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chon.alai.
2016-10-22 00:37:09
Жакшы идеа ойлоп таптынар баптистерди мусулмандар мурзосуно койдурбай эми тенирчилерди да койдурбагыла ушундай мыйзам кабыл алгыла
0
ozgeldi
2016-10-22 00:58:27
Баптисттин бул жакта эмне тишеси бар.Илбирс тууралу тема болгондон кийин
+2
Riokyrgyz
2016-10-22 21:50:50
ozgeldi,ал жакка комен таштай албай калгандыр да.юиз конокпуз да.омур бою болобузбу?ким билет.Коменди баарына эле жаза албайбыз
0
kani-esen
2016-10-23 01:54:12
Ушул тасманы кайдан корсок болот? Урматтуу админ мумкун болсо тасманын шилтемесин киргизсенер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан