Дима Билан Кайрат Примбердиевди "Голос" долбоорунан кетирбей өз тобуна алып, ырчыны "сактап калды"

Ырчы Кайрат Примбердиев орусиялык "Голос" долбоорунда Леонид Агутиндин тобуна кабыл алынган эле. Кечээ, 21-октябрдагы көрсөтүүдө мекендешибиз Владислав Венгли менен Майкл Жексондун "Black and White" чыгармасын аткарган. Леонид Агутин эки ырчынын бирөөсүн алып калып, экинчисин сынактан четтетиши зарыл эле. Агутин Венглини тандаган. Кайрат Примбердиев долбоордон четтей турган болгондо калыстар тобундагы Дима Билан өз тобуна кошуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ырчынын менеджери Эльвира Примбердиева билдирди.

"Негизи, башында эле Кайратка Биландын тобуна барууну сунуштаганбыз. Бирок анын тобунда 14 адам болуп, толуп калгандыктан барган эмес. Билан Кайрат ырдап бүткөндөн кийин "Жакшы ырдадың, азамат!" деп өз баасын айтып турган. Сынакта негедир тиги ырчыга тартып койгондой, Кайратты атайын сынактан четтетип жаткандай болду. Же ал ырчынын тааныштары көп беле, түшүнүксүз. Интернетте да туура эмес чечим болгонун айтып жатышат. Эмне болсо да азыр Кайрат Биландын тобуна кошулду. Кийинки көрсөтүүгө тартылууга ноябрь айынын башында кетет", - деди Эльвира Примбердиева.

Ошентип, мекендешибиз Кайрат Примбердиевдин үнүн "Голос" телеберүүсүнөн улантып угабыз. Орус музыка сүйүүчүлөрү Леонид Агутинди сындап, Диманы "баракелде, талантты сыйлайт экен" деп баалашууда.

Кайрат Примбердиев, Владислав Венгли «Black And White»
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (52)
kani_alibaeva
2016-10-22 17:13:26
Ийгиликтерди жарата бериниз алга
+2
Kumarchik
2016-10-22 17:36:37
кайрат азамат
+4
ruffo90
2016-10-22 17:51:54
Димага рахмат!!!
+8
Mystery
2016-10-22 18:36:49
Дима Билан коп жакпачу эле, чо та жакшы корунуп калды.
+8
mademoiselle
2016-10-24 18:05:07
Mystery,сизге мен да кошулуп кетейин, мага да ошондой болду Дима.
0
kamchatka
2016-10-22 20:06:42
Дима рахмат рахмат айланайын коп бала чакалуу бол!биздин жигити колдопсун коп бала чакалуу бол айланайын!
+7
isnur93
2016-10-22 22:10:13
Майкл Жексондун ырын ырдап чыгыптыр,стилин да ошого окшоштуруп чачын жасаптыр,булда болсо изденуу,фантазиясынын байлыгы.
+6
gulu-91
2016-10-22 23:12:37
Мага Кайраттын ырдаганы,бийлегени жакты Майкл Жокшопго окшоп ырдаганы аракет кылыптыр стили дагын.Мен Майкл Жексонду да кордум атайын видеодон ушул ырын кобунчо уну менен да ,бийлеши менен да,стили менен Кайрат Примбердиев окшоштурган.Кайрат АЛГАААА!?????
+3
gulu-91
2016-10-22 23:14:07
Ой ЖЕКСОН
0
nazira1989
2016-10-22 23:30:53
Кокуууй коменттер озунчо эле урушу да бар,мактоосу да бар,талашы да бар го...))) Кайрат акоов сыйлайм го,унунон иий...))))
0
tita
2016-10-23 01:46:04
Мурункусунда эле Дима Билан алгысы келген болчу, талантын баалап... Азыркысында алды эми Кайрат Примбердиев 1-орунду ээлейт деген ишеним чон... Елена Ваенганын концертинде ырдаганын уксанар ох иий журокту гана эзетго.... Ото таланттуу жигит экен Кайрат молодец.... Голостон 1-орунду багындыр сага ийгилик! Алга Кыргызстан! Алга Кыргыз! Алга Кайрат!
+5
Sharipa-asia
2016-10-23 03:23:50
Азамат Кайрат!Талантын ташкындай берсин,кыргыз элин таанытып чет олкодо жургонундун озу эле биз учун сыймык!
+3
nurzada78
2016-10-23 12:26:12
Экоо тен бирдей ырдаптыр!Бирок Кайрат молодец!
+1
krem
2016-10-23 16:10:58
Минхи канг болуп кетипсин го кайрат молодец сонун тутундордун ичинде минхиникиндей бир сонун ыр жаратчы
0
Deniza88
2016-10-23 17:15:03
Дима байкем эркек болуптур бул жерде
0
Aima94
2016-10-24 02:17:25
Азамат! Мурашки по телу. Алга Кайрат!!!! Ийгилик сизге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан