Кипрде өтүп жаткан эл аралык турнирде кыргыз спортчулары байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы кабарлады.
"Доктор Фазыл Күчүктүн урматына арналган эл аралык спорт оюндары 20-октябрда Лефкош шаарында башталган. Мелдешке 10 өлкөнүн спортчулары катышып, Кыргыз өлкөсүнөн 16 спортчу барган", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында таэквондо WTF боюнча 6 спортчубуз, Айдар Эржигит, Бексултан Маматкасым уулу, Чолпонай Нуратова биринчиликти алып, алтын медалга ээ болушкан. Гүлзат Арапбаева, Минажидин Матназаров күмүш, Өмүрбек Апатаров коло медаль алган. Ал эми эркин күрөш боюнча Бексултан Абдинасир уулу менен Эдил Кадырбек уулу мелдештин жеңүүчүлөрү аталышса, Нурхан Жусупов жана Нуртилек Кадырбаев финалга чыгып, күмүш медалдарга ээ болушканы маалым болду.