КВНдин "Ала-Тоо" аймактык лигасынын жарым финалдык беттешинде 5 команда финалга өттү

Борбор калаада кечээ, 23-октябрь күнү КВНдин "Ала-Тоо" аймактык лигасынын жарым финалдык беттеши, Бишкек шаардык мэриясынын Кубогу болуп өттү. Анда финалга чыгуу үчүн 8 команда ат салышып, 5 команда финалга өткөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Позитифф" командасынын оюнчусу Актан Рыскелдиев билдирди.

"Кечээ жарым финалдык беттеш болду. Анда 5 команда: "Элдин балдары", "Позитифф", "Brooklyn", казакстандык "Маб" жана Тажикстандан келген курама команда финалга өттү. Буюрса, эми кийинки оюнга даярданабыз", - дейт А.Рыскелдиев.

Финал ноябрь айында өтөрүн, азыр так күнү айтыла электигин жана жеңүүчү аталган командага Сочи шаарындагы фестивалга жолдомо ыйгарыларын кошумчалады. Ошондой эле "Азия MIX" командасы конок катары чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан