Спорттун ушу түрү боюнча Кыргыз Республикасынын командасы медалдар менен кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Салттуу ушу боюнча федерациясы билдирди.
"Чемпиондук Польшанын Варшава шаарында 14-21-октябрь күндөрү өттү. Жалпысынан өлкөбүздөн 8 спортчу катышып, төртөө медалдарга ээ болушту. Чемпиондукта спортчулардын баары ар кайсы категорияда чыгып, бири экиден ийгиликке жетишсе, бири орундарга илинбей калышты", - дейт федерациянын вице-президенти Наталья Нещерат.
Салттуу ушу боюнча Елена Павленко 2 алтын, 1 коло, Любовь Серякова 1 күмүш, 1 коло, Евгений Лопаткин 2 коло, Татьяна Пак 1 күмүш медалга ээ болгон. Ал эми спорттук ушу боюнча Олег Косенко 4-5-орундарды, Лилия Токтарова 4-орунду ээлеген.
"Ушу спорттун өтө оор түрү болуп саналат. Бул багытта кытайлыктар күчтүү атаандаш. Канада, АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн келген спортчулар да кытайлыктар экен. Жалпысынан 31 өлкө катышкан. Кыргыз өлкөсү 2-ирет катышты. Курамабыздын эки багытта тең жакшы ийгиликтерди көрсөтө алганы - биздин жетишкендик", - дейт вице-президент.