Актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова тарткан "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-3" тасмасы бүгүн, 25-октябрда "Кинозал" бөлүмүндө колдонуучуларга тартууланды. Анда актёр-актрисалар Бакыт Мукул, Ырыс Жоомартова, Айнура Турганбаева, ырчылар Динара Акулова, Борончу Кудайбергенов жана башкалар роль жаратышкан.
Тасма тууралуу режиссёр буларга токтолду:
"Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-3" тасмасы мурунку тасмалардан жаштарга эмес, жашы улууларга ылайыкташтырылганы менен өзгөчөлөнөт. Көпчүлүк кыз-келиндер 30-35 жаштан ашкандан кийин "болду, эми мени ким карамак эле..." деп көр оокатка баш-оту менен кирип кетип жатпайбы. Ал эми биз тасма аркылуу жашы канчага чыкпасын, ар бир айым өз бакытын таба аларын көрсөттүк. Көптөгөн таланттуу актёр-актрисаларыбыз катышты. Ошондой эле мурунку тасмаларга салыштырмалуу тамашалуу, күлкүлүү учурлар көп болду. Тасма жалпысынан 6 айда тартылып бүтүп, жарыкка чыкты. Бишкек шаарында эле эмес, алыскы айылдарда да тартылды".
Режиссёр өзү да тасмага тартылып, айрым учурларда ыйлагысы келгенин айтат:
"Актёр-актрисалардын көбү тамашакөй болгондуктан, таң аткандан кеч киргенге чейин күлүп жаттык. Режиссёр "Баштадык!" дегенде токтоп, иштеп жаттык. Айылдагы элге да кызык болду окшойт, биз кайсы жакка барсак, артыбыздан ээрчип күзөтүп жатышты. Кызыгы, тасмадагы образыма ылайыктап узун чач коштурган элем. Тасма тартылып бүткүчө аябай жүдөп, кээде ыйлагым келип жатты. Же күн сайын жууй албайсың, же алып салууга болбойт. Ачуумдун баарын стилист кыздан чыгарып коём. Акырында чыдабай аны алып, жөн эле жоолук салынып алып тартылдым".
"Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-3" тасмасын бул жерден көрүңүз.