Бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаарындагы Кыргыз драма театрында актёр Азиз Мурадиллаевди колдогон кайрымдуулук концерти өтөт. Учурда концертке карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева билдирди.
"Азиздин биринчи операциясы ийгиликтүү өттү, Кудайга шүгүр, учурда абалы жакшы. Биздин үй-бүлөнү, Азизди кыйын учурда колдоп турган бардык күйөрмандарына терең ыраазычылык билдиребиз. Кечээ Москвадагы ооруканадан чыгарылды. Жакында Бишкекке келип, боорун алмаштыруу боюнча операцияга даярданат. Бүгүнкү концертке карата даярдыктар жакшы, бирок билеттер толук сатылып бүтө элек, дагы 100дөн ашуун билет бар", - дейт Э.Жумалиева.
Белгилей кетсек, 6-октябрда операция жасатуу үчүн жардамга муктаж болгон актёрго банктан эсеп ачылган. Дарыгерлер ага 4-даражадагы боордун циррозу жана жугуштуу С гепатити менен ооруйт деген диагноз коюшкан.