Кечээ, 24-октябрда "Жер сулуусу" Эл аралык сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катышып жаткан 19 жаштагы Бегим Алмасбекова "Улуттук кийимдер" сынагында 3-орунду ээледи. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. 1-орунду Англия алса, 2-орунду Швеция алганы белгилүү болду.
Быйылкы сынак 6-октябрда башталган, 29-октябрда аяктайт. Ага дүйнө жүзүнөн 86 кыз катышууда. Сынак бир нече этаптан турат.
"Жер сулуусу" сынагы БУУнун колдоосу менен Филиппиндеги Манила шаарында өтүп турат. Башка сулуулук сынактарынан айырмаланып, ага экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолун издеген кыздар катышат. Сынактын башкы максаты - учурдагы көйгөйлөргө, айлана-чөйрөнү, жаратылышты сактоого көңүл бурдуруу. Муну менен катышуучулар өздөрүнүн экологиялык абалды жакшыртуучу долбоорлорун тартуулашат. Жеңүүчү Адамдын жашаган айлана-чөйрөсүн сактоо программаларын өнүктүрүү боюнча маселелерди кароочу БУУнун өкүлү болот.