“Кайыңды-темир жол” көзөмөл-өткөрүү жайында Өзбекстандын жараны башка адамдын паспорту менен кармалды

“Кайыңды-темир жол” көзөмөл-өткөрүү жайында Өзбекстандын жараны башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 24-октябрь күнү Бишкек-Москва багыты боюнча №17-темир жол каттамы текшерүүгө алынып, анда 1986-жылы туулган С.А. аттуу Өзбекстандын жараны кармалган. Ал башка адамдын паспортун алып жүргөн. Айтымында, өзүнүкүн жоготуп алган.

Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан