"Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам".
Жерин сүйгөн ар бир адам өзү туулуп-өскөн жай тууралуу жогорудагыдай ыр саптарын ырдаары талашсыз. Туулган айылга болгон сүйүү "Добулбас" тобунун "Биздин айыл" чыгармасында берилип, клибинде жергебиздин кооз жаратылышы көрсөтүлөт.
Клип тууралуу аталган топтун ырчысы Кубат Тургумбаев буларга токтолду:
"Ырдын автору Майрамбек Осмоновдон уруксат алып, жаздырып, ырдап чыктык. Биздин ырдаганыбызды угуп жактырып, сүйүнгөнүнөн клип тарттырып берейин деп калды. Ошентип, клип Майрамбек байке туулган Токтогул районундагы Толук айылында тартылды. Тартуу иштери бүткөнгө чейин бизди аябай коноктоп жатышты. Күндө эт жей берип акырында этти көргүбүз келбей калган.
Жай мезгили, чөп чабылып жаткан учур болчу. Аябай кооз жер экен. Майрамбек байкенин апасы бир топ жашка барып калганына карабай аябай күлдүрүп сүйлөйт экен. Тартуу учуру, агайдын кичи мекенине болгон саякатыбыз абдан кызыктуу болду".
"Добулбас" тобунун "Биздин айыл" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.