Бишкекте актёр Азиз Мурадиллаевди колдоо максатында концерт өттү

Бүгүн, 25-октябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевди колдоо максатында концерт-марафон өттү. Азиз Мурадиллаевдин жакшы болуп кетүүсүн каалаган көрүүчүлөргө ырчылар Нэна, Урмат Усенов жана Неля, Нурсултан Азыкбаев, "Дем" театрынын актёрлору жана башка чыгармачыл инсандар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева жолдошунун абалы тууралуу буларга токтолду:

"Азизге Москвада биринчи операция ийгиликтүү жасалды. Эртең мекенге кайтып келет. Алдыда дагы эки операция бар. Үч донор табылды, бирок индиялык дарыгерлер бир туугандары донор болушу керектигин айтып жатышат. Сиздер билгендей, Азиз жалгыз бала, атасы да каза болуп калган. Апасы 60тан ашып калган, тун уулубуз сарык болуп ооругандыктан, донор боло албайт экен. Өзүмдүн да өтүм жок. Эми дагы көрө жатарбыз. Баары жакшы болот деп тилеп отурабыз".

"Операцияга жетиштүү каражат чогулуп калды. Жардамга кол сунган бардык адамдарга терең ыраазымын", - деп кошумчалады Жумалиева.

Эсиңиздерге салсак, актёрго дарыгерлер 4-даражадагы боордун циррозу жана жугуштуу С гепатити менен ооруйт деген диагноз коюшкан.

Азиз Мурадилаевге үч донор табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ss90
2016-10-25 20:55:30
Жакшы эле болуп кетсе экен!!!
+4
modem4999
2016-10-25 21:22:12
Башка ырчылар деле барып коюшса болмок да тойдун сезону болуп бошобой калышса керек.
+7
Mekush87
2016-10-25 21:36:49
Чыгармачыл адамдардын баары эле жардам кылып концерт беришсе болмок,кааап, колумдан келсе болгон жардамымды аябайт элем,сахнага чыгып 1-2 ыр ырдап коюшса не болушат эле.Эмнеси болсо да сакайып кайрадан элибизге кайтып келишине тилектешмин.
+8
azim14
2016-10-25 21:57:11
айыгып кетсин
+3
Seryi-Kardinal
2016-10-25 22:03:10
Башка ырчыларды чакырышпаса керек да
-2
azamat.k
2016-10-25 22:28:23
Аллахым шыпаасын берип сакайып кетсин.Мен президенттин ордунда болгондо 5млн сом бермекмин,500 мин сом бербей,берген акчасы жетер жетбес кылбай.Любой аткаминерге караганда Азиз эркек мыкты жигит.
-1
kama_future_millioner
2016-10-25 22:40:15
Айыгып кетсин
+3
vangolu
2016-10-26 00:28:19
омар милицияга тушкондо интервью берли эле кесиптештерим 1000$дан чогултуп беребиз деди деп.ошол омарга айтылган сумманы колунда бар чоорчулар Азизге беришсе болмок
+8
zarlyk2211
2016-10-26 03:41:22
Аллахым шыпаасын берсин.
+4
tuigan.
2016-10-26 07:23:48
Анжелика жок го
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан