Кыргызстандык 2 мушкер Азия чемпиондугунун чейрек финалына өтүштү

Казакстандын Шымкент шаарында 15-апрелден баштап бокс боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Анда Кыргызстандын атынан мелдешке чыккан боксчу Анвар Нусипаев (46 килограмм) Бутан өлкөсүнүн мушкери Кингу Тобгара менен беттешип, жеңүүчү болду. Дагы бир кыргызстандык мушкер Фатиддин Хамроев Бутан өлкөсүнүн спортчусу Тсеванга Угуена менен таймашып утуп алды. Айта кетсек, жеңишке жетишкен 2 боксчу бүгүн, 18-апрелде мелдештин чейрек финалындагы атаандаштары менен күч сынашмакчы.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан