Бүгүн, 25-октябрда "Симулянттар" комедиялык тасмасы жабык форматта көрсөтүлдү. Ага фильмдин жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор, медиа өкүлдөрү катышты. Тасмага ырчылар Сайкал Садыбакасова, Чолпонай, Аско, алып баруучу Эркин Нурбаев жана башкалар тартылышкан.
Продюсер Тимурлан Тилеков тасманын аталышы жөнүндө буларга токтолду:
"Симулянт" деген сөздү кыргызчага которсок, "өлүмүш" дегенди билдирет экен. Бул бир аз орой угулат. Эмне үчүн тасма "Симулянттар" деп аталат? Азыр ар кандай тармакта өлүмүштөр көп эмеспи. Андыктан ырчы Чолпонайдын сунушу менен, баарыбыз кеңешип ушул аталышты калтырууну туура көрдүк. Тасмадан ар бир көрүүчү өзүн көрүп, кетирген кемчилигин сезип, жыйынтык чыгарса дейбиз. Кээ бири, мүмкүн, калп эле өлүмүш болот, а жашоодо такыр башка адам. Коомдогу мына ушундай адамдарды чагылдырууга аракет кылдык".
Тасмада Пери аттуу сулууну жакшы көрүп калган бири шаардык, экинчиси айылдык жигиттердин өз ара каршылашы, таймашы, кыздын көңүлүн алуу үчүн түрдүү амалдары, жадакалса алдамчылыкка чейин баргандары көрсөтүлөт. Бирок бир күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын "Адамдар жакшылык кылууну эмес, өздөрүн пиарлоону, атын чыгарууну гана ойлошот. Мына ушуларды чыныгы симулянттар деп атоого болот" дегени башкы каармандарды терең ойлонууга, кийип жүргөн бет кабын чечип, чыныгы жүзүн көрсөтүүгө мажбур кылат. Бирок баары бул кадамга даяр эмес эле...
Ошондой эле тасмада эл арасындагы трайбализм, жасалмалуулук, жаштардын виртуалдык жашоого, тагыраагы, Инстаграм сыяктуу социалдык тармактарга байланып калганы өңдүү маселелер көрсөтүлөт.