Бильярд спорту боюнча Дүйнө биринчилигинде Каныбек Сагынбаев менен Дастан Лепшаков кийинки турга өтүштү

Бишкекте өтүп жаткан бильярд спорту боюнча эркектер арасында Дүйнө биринчилигинде 7 спортчу 2-турга өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG порталына бильярд спортунун чебери Дастан Лепшаков билдирди.

"Бишкекте бильярд боюнча өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде 1-турда 2008-жылдагы Дүйнөнүн күмүш медалынын ээси казакстандык Даврен Уринбаев менен кез келип, 7:4 эсебинде утуп алдым. Эми 27-октябрда украиналык Ярослав Торнаведский менен беттешем. Ал эми Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев өзбекстандык Надыр Мирзоевди утуп алды", - деп билдирди Лепшаков.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын атынан катышкан 7 спортчу кийинки турга өткөн. 27-октябрда Каныбек Сагынбаев казакстандык Алибек Омаров менен ойномокчу.

Эске салсак, Бишкек шаарында бильярд боюнча эркектер арасында Дүйнө биринчилиги 25-октябрда башталган. Ага Кыргыз Республикасынан 22 спортчу катышуу мүмкүнчүлүгүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asylbek1981
2016-10-26 18:03:22
Азаматсынар!!! Казак менен озбекти женип жакшы кылыпсынар.
+2
kubat_73
2016-10-26 18:38:00
Мен ушуга эле тан калам дуйно чемпионаты деп коюп Украина Россия Казакстан Озбекстан Кыргызстан эле ойной беришет эмнеге башка Европа Азия Америка мамлекеттери катышпайт дуйно чемпионаттыгына?Анан эле утканы дуйно чемпиону деп эле жыргап жатып калышат.
-3
chon.alai.
2016-10-26 20:48:38
kubat_73,америка европалыктар мн ойнош учун большой кот керек анан дагы булар алардын алдында ХХХ оздорунчо дуйно чемпион боло береда
-2
admin_portal
2016-10-26 21:39:10
chon.alai., этика нормаларын сактаңыз!
0
Beksultan-007
2016-10-26 19:41:37
Кайсы клубта ,Саат канчада болот айтып койгулачы билгендер болсо
0
abdyrashid
2016-10-26 22:23:45
Кыргызстан алга
0
Kakaly
2016-10-26 22:51:46
Каякта болуп атат?
0
Kurstan_CR7
2016-10-27 20:07:48
Кыргызстанда болуп атат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан