МЕДИА-ПОРТАЛ: "Сени көрбөй" клибин тартуу учурунда актриса Айжан Аденованын кайненеси кечки тамаксыз калган" дейт Бакыт Осмонканов

Адатта көпчүлүктүн купулуна толгон чыгарма жаратуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. "Медиа-портал" бөлүмүндөгү Мирбек Атабековдун "Сени көрбөй" клибине карата колдонуучулар жылуу пикирлерин калтырышууда. Клип учурда өлкөбүздөгү кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан "План Б" тасмасынын саундтреги катары тартылган.

Клип жөнүндө жогоруда аталган тасманын режиссёру, актёр, "тамашоучу" Бакыт Осмонканов буларга токтолду:

"Клипти мыкты режиссёрлордун бири Александр Белов тартты. Ага чейин даярданып жүргөндүктөн, бир күндө тартылып бүткөн. Ал күнү Жеңиш (ред. Жеңишбек Майрамбек уулу) туугандарынын тушоо тоюна барып, оюнда экинчи орунду ээлеп калыптыр. Мен барып клипке тартылууга алып келдим. Анан маанайы жок болуп, жининин баарын клиптен чыгарды (күлүп). Тартуу процесси түнү бою жүргөн. Ошол күнү турмушка чыкканына көп боло элек актриса Айжан Аденованын кайненеси кечки тамаксыз калган, себеби Айжан съёмка иштери менен алек болуп жетишпей жүргөн эле".

Мирбек Атабековдун "Сени көрбөй" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2016-10-26 22:35:59
Супер инфо, сын пикирлерди кайсы шилтемеге жонотсо болот???
+1
admin_portal
2016-10-27 13:28:36
al-abu-kinesz, сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
-1
Revolyutsiya
2016-10-27 14:29:31
Эми туалетке бара албай калганы да элге шардана боло берсе....
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан