Ырчы Аваз Акимов жеке концертин патриоттук ыр менен жыйынтыктады (фоторепортаж)

23:15. Туура 3 саат 15 мүнөткө созулган Аваз Акимовдун концерти "Кыргызстан" аттуу ыр менен жыйынтыкталды. Ырчы 2 жылдан бери концерт коё электигин айтып, концертке келген бардык күйөрмандарына, конокторго ыраазычылыгын билдирди.

23:00. Аваз Акимов "Энеке" чыгармасын аткарып, залда отурган ата-энесине эл алдында терең ыраазычылыгын айтып: "Ата, апа, бардык ийгиликтерим силер үчүн, силерди жакшы көрөм!" - деди. Андан соң "Муйдусунан" деген ыры жаңырды.

22:50. Сахнага Ильяз Абдыразаков чыкты. Ырчылар биргеликте жаңы чыгармаларын аткарышты.

22:45. Алып баруучу Нурсултан Майназаров уюштурган оюнга Аваз Акимов да катышты. Оюндун шартына ылайык, жеңилип калса, ырчы кийип турган пиджагын белекке бериши керек эле. Бирок ырчы ырымдап, аны залда отурган күйөрман кыздары тарапты көздөй ыргытты. Андан кийин концерттин кичинекей коногу өнөрүн тартуулады.

22:30. Аваз Акимов аккордеондун коштоосунда "Айганыш", "Делбирим", "Гүл кыздар" сыяктуу чыгармаларды аткарды.

22:15. Данияр Эрматов "Мерседес", "Сүйдүрүп алам" чыгармаларын көрүүчүлөргө тартуулады. Ал эми Айдана Дека "Кыргызым" ырын ырдады. Дагы бир концерттин коногунан соң сахнага кайра Аваз Акимов чыкты.

22:00. Мухтар Атаналиевдин "Атаман" ырын Нурлан Насип, Аваз Акимов аткарышты. Көрүүчүлөрдүн суранычы менен Нурлан Насип "Алдайсың" ырын ырдап берди. Андан кийин Данияр Эрматов сахнага чыкты.

21:50. Көрүүчүлөрдүн кол чабуусунда сахнага Нурлан Насип чыкты.

21:45. Учурда концерт кызуу уланууда. Аваз Акимов репертуарындагы "Махабатым", "Туулган күн" ырларын аткарды.

21:30. Илгиз Абдалиев өзүнүн репертуарындагы ырларын аткарды. Алып баруучу аялдын түйшүгүн түшүнбөгөн күйөө тууралуу тамаша айтып, сахнага Аваз Акимовду чакырды. Ырчы балалык тууралуу "Балалыкка кетеличи, апаке!" ырын ырдап жатат.

21:15. Концерт учурунда ырчылар ырдоо менен эле чектелбей, оюндарга да катышышты. Айдана Дека менен Дайыр Исмадияров алып баруучу даярдаган сүрөттөргө байланыштуу жоопторду айтып жатышты. Оюндун жыйынтыгы менен көбүрөөк упай алган Дайыр Исмадияров жеңүүчү болуп табылды. Концерттин коногу ырдап жатат.

21:00. Аваз Акимов "Гүлдана" жана башка элге белгилүү чыгармаларын аткарды. Ошондой эле концерттин дагы бир коногу Айдана Дека чыгып, Акимов менен бирге "Аппагым" чыгармасын аткарды. Айдана Дека кеченин алып баруучусу уюштурган оюнга катышып жатат.

20:45. Нурсултан Майназаров ырчылар Анжелика, Нурмат Садыров менен биргеликте оюн уюштурду. Оюндун шартына ылайык, ырчылар дүйнөгө белгилүү инсандардын кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн көрүп, ким экенин табышы керек болду. Жеки Чан, Брюс Ли, Александр Масляков, Леонардо Ди Каприо, Эльдияр Кененсаров жана башкалардын сүрөттөрү көрсөтүлдү. Оюндан кийин кеченин ээси Аваз Акимов сахнага чыкты.

20:25 Концерттин алып баруучусу Нурсултан Майназаров чыгып, эл менен саламдашты. Чакан флешмобдон кийин сахнага ырчы Анжелика чыгып, "Жүрөгүмдөн" деген ырын аткарды. Ырчы ырдап, бийлеген соӊ Аваз Акимовду концерти менен куттуктап, ийгилик каалады.

20:15. Ырчы концертке келген күйөрмандарына жагымдуу маанай каалап, бардык көйгөйлөрүн унутуп, эс алып кетүүгө чакырды. Күйөрмандарына арнап "Жаным", "Кыздар, ай", "Сезим" ырларын аткарды. Андан кийин Чубак Сатаевдин "Түштүк кызы" чыгармасын залда отурган түштүк кыздарына арнады.

20:00. Учурда ырчынын кичинекей кезинде ырдаган видеолору көрсөтүлүүдө. Андан кийин концерт сахнада лазердик шоу көрсөтүү, дүйнөлүк музыкаларды урма аспапта ойноо менен башталды. Андан соң Аваз Акимов бийчи жигиттердин коштоосунда "Карындаш" аттуу ырын ырдап чыкты.

19:50. Бүгүн, 26-октябрда борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Аваз Акимовдун жеке концерти башталуу алдында турат. Учурда концертке келген коноктор, ырчынын күйөрмандары залдан орун алып жатышат. Алып баруучу концерт бир нече мүнөттөрдөн соң башталарын жарыялады.

Аваз Акимов. Жеке концерт. "Гүлдана" ыры (26.10.16)
Аваз Акимов. Жеке концерт. "Туулган күн" ыры (26.10.16)
Аваз Акимов. Жеке концерт. "Эркинай" ыры (26.10.16)
Аваз Акимовдун концерти: "Муйдусунан" жана жаңы ыр "Сезим"
Карызга аккордеон алып, чыгармачылык жолун баштаган Аваз Акимовдун концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
chon.alai.
2016-10-26 20:40:24
ушул ХХХ тойгозду
-11
nookat
2016-10-26 20:58:25
chon.alai.,сен ХХХ))
-3
admin_portal
2016-10-26 21:35:50
nookat, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт!
+3
chon.alai.
2016-10-26 23:26:46
nookat,а.ынды чыгарып койбойун
-3
Dadil
2016-10-26 21:03:33
chon.alai.,ха ха базар жок
+1
admin_portal
2016-10-26 21:32:46
chon.alai., этика нормаларын сактаңыз!
+1
gulaza
2016-10-27 07:06:40
chon.alai.,ким тойгозду Ойлоп койдум Анжелика эле тойгозбосо башка ким деп
0
leilekstan_1987
2016-10-26 20:43:53
Концертти буюрса толик сынчы аркылуу билебиз кандай денгеелде отконун
0
leilekstan_1987
2016-10-26 21:17:55
5- суроттогу ким??? Жоон санын корсотуп алжактаган
+8
kyrgyz_girl
2016-10-26 21:20:48
leilekstan_1987, Анжеликаго дейм
+5
Amanov
2016-10-26 21:58:28
сынчы чыныгы сынчы экен өзгөчө кадрлар го
0
abdyrashid
2016-10-26 22:15:12
Жарайсын
0
nemo2016
2016-10-26 22:57:41
жакшы чыгармачылык ийгилик
0
nazgul90
2016-10-27 00:34:39
Азаматсын чугармачылык ийгилик.
0
ainur78007
2016-10-27 05:15:29
Сыймык Бейшекеев келбептир э
0
Amankg
2016-10-27 13:52:04
Атын чыкпаса ырчы бол.
0
Aytur
2016-10-27 20:13:38
Торогали Торалинин концертинин программаларын уурдаптырда.
0
aadanova14
2016-10-27 23:19:23
Кичинекейиндеки видеосунда аккардеон мн ырдаган ыры сонун болгон экен
0
Almaz_1010
2016-10-28 06:51:51
Аваз Акимов чыныгы талант...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан