SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ох, Ким Кардашьян!" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Brutality).
Жакында эле белгисиз адамдар Париж шаарында модель, актриса Ким Кардашянга кол салып, 11 миллион евролук зер буюмдарын уурдап кетишкен эле. Бул окуя моделге катуу таасир эткендиктен, көп убакыт даярданып, ири суммадагы акча сарптоону пландап жаткан туулган күнүн өткөрүүдөн да баш тарткан. Чет элдик басылмалардын билдиргенине караганда, учурда моделди кайтарып жүрүүгө 20 күзөтчү алынган.
Күйөөсү рэпер Канье Уэст сүйүктүүсүнө белекке 40 миң фунттук (болжол менен 3 миллион сом) сөйкө даярдап жатканы айтылууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.