ЖЫЛНААМА, 27-ОКТЯБРЬ: "Туулган күнүмдү SUPER.KG порталы аркылуу билип, куттуктап жатышат" дейт Клара Алибекова

Бүгүн, 27-октябрда "Кыргызымдын жигиттери" аттуу ырды аткарып чыгып, эл сүймөнчүгүнө ээ болгон Клара Алибекова 34 жашын белгилеп жатат. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, буларды билдирди:

"Бүгүн туулган күнүмдү бир туугандарым менен тосом. Элдин баары азыр Facebook, Инстаграм сыяктуу социалдык тармактарда экен. Мен да эми катталайын деп жатам. Көпчүлүгү телефон чалып, туулган күнүм менен куттуктап жатышат. "Кайдан билдиңер?" деп сурасам, сиздердин порталдан окуганын айтып жатышты. Албетте, сиздердин, элдин мындай көңүл буруусу кубандырат, баарыңыздарга рахмат!"

Белгилей кетсек, Клара Алибекова Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында төрөлгөн. 5-классында "Кыргызымдын жигиттери" аттуу ырды аткарып чыгып белгилүү болгон. Андан кийин "Классташым", "Энекем", "Сүйүү керемети" деген ырларын аткарган.

27-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikokul14
2016-10-27 17:35:44
Туулган кунун менен,Клара!!!Омурун узун болсун,ден соолукта бол,уулуна татыктуу тарбия берип,урматын кор!!!
+1
Nurkyz1977
2016-10-27 20:03:40
Эки дуйно бактылуулугун Аллахым насип этсин. Ийгилик каалайм.
0
ROZA-87
2016-10-28 12:06:06
Туулган кунунуз кут болсун. Бактылуу болун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан