Бильярд спорту боюнча Дүйнө биринчилигинде Каныбек Сагынбаев кийинки турга өтүп, Дастан Лепшаков жеңилүү ызасын тартты

Бишкек шаарында өтүп жаткан эркектер арасындагы бильярд спорту боюнча Дүйнө биринчилигинде Дүйнө чемпиону, Кыргыз Республикасынан атынан ойногон Дастан Лепшаков утулуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда спортчу өзү SUPER.KG порталына айтып берди.

"Экинчи турда украиналык Ярослав Торнаведский менен беттешке чыгып, жеңилүү ызасын тартып калдым. Ал эми Каныбек Сагынбаев казакстандык спортчу Алибек Омаровду жеңип алды. Ошондой эле Канат Сыдыков да атаандашын жеңип, кийинки турга өттү", - деп билдирди Лепшаков.

Эске салсак, Дастан Лепшаков буга чейин 2008-жылдагы Дүйнөнүн күмүш медалынын ээси, казакстандык Даврен Уринбаев менен кез келип, 7:4 эсебинде жеңген.

Кыргыз Республикасынан 22 спортчу Дүйнө биринчилигине катышуу мүмкүнчүлүгүн алган. Аталган мелдеш олимпиадалык систем менен өткөрүлүүдө. Бир жолу жеңилүү ызасын тарткан спортчу оюндан четтетилет.

Маалым болгондой, Бишкекте өтүп жаткан бильярд спорту боюнча Дүйнө биринчилигине 26 өлкөдөн спортчулар катышмай болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tashi62
2016-10-27 17:49:37
Дастан капаланба келечегиң алдыда .
+3
Ali-91
2016-10-27 22:09:01
АЛЛАХ колдосун,алга Кыргыз!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан