Бүгүн, 28-октябрда "Сулуу бийкеч" фильминен кийин Голливуд жылдызына айланган Жулия Робертс 49 жашка толду. Ал АКШнын Жоржия штатындагы Смирна шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 19 жашка толгондо агасы Эрик аны киного тартылууга чакырган. Жулиянын алгачкы тартылган киносу "Кызыл кан" деп аталган. Андан соң ушул сыяктуу бир-эки кыска метраждуу фильмге тартылган Жулияны америкалык режиссёр Гарри Маршалл "Сулуу бийкеч" фильмине башкы каармандын ролун аткарууга чакырган. Бул фильмден кийин актриса Голливуд жылдыздарынын катарына кирген.
Актрисанын айтымында, анын сулуулугунун эң негизги сыры - бакыт.
"Адам канчалык бактылуу болсо, ошончолук карыганда сулуу болот. Өткөн жылы туулган күнүмдүн келгенине өтө кубанган жокмун. Бирок съёмка болуп жаткан Нью-Йорк шаарынан үй-бүлөм, эжелерим, досторум күтүп жаткан Лос-Анжелестеги үйүмө учуп келгем. Алар мага арнап ыр ырдашып, чакан кече өткөрүшкөн. Убакытты кызыктуу өткөрсөң, жылдар коркунучтуу эмес. Бакыт бир гана үй-бүлөдө болору талашсыз.
Үй-бүлөдө көйгөй жаралса, баарыбыз талкуулап, чогуу сүйлөшөбүз. Кимдики туура, кимдики туура эмес экендиги маанилүү эмес, негизгиси - талаштуу учурда бири-бирибиздин көз карашыбызды түшүнүп, ситуациядан чыгууга жол табуу. Үч баланы кээде гана эркелеткенибиз болбосо, жолдошум экөөбүз бекем тартипте кармайбыз", - деп айтканы бар.
2015-жылы актриса күйөөсү оператор Дэнни Модер менен ажырашып жатканы тууралуу маалыматтар чет элдик басылмаларда байма-бай жарыяланган. Актриса бактылуу экенин, жолдошу ал үчүн ишенимдүү тыл, таянган тоосу экенин билдирип, ажырашуу тууралуу сөздөр ушак экенин айткан.
28-октябрдын жылнаамасы.