Каратэ боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары алгачкы ийгиликтерди жаратышты

Кыргыз курама командасы Австриянын Линц шаарында каратэ боюнча 23-Дүйнө чемпиондугуна катышууда (23rd World Senior Championships). Чемпиондук 25-октябрда башталган, 30-октябрда аяктайт. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайты кабарлайт.

"Чемпиондукка 118 өлкөдөн 1238 спортчу катышып жатат. АКШ, Хорватия, Бразилия, Франция, Египет, Индия, Иран, Япония, Италия, Испания, Орусия, Сербия, Түркия, Казакстан жана Кыргыз Республикасынан барган командалар 16 категория боюнча мелдеш өткөрүп жатышат. Бул өлкөлөрдөн тышкары Андора, Мальта, Непал, Кот-д’Ивуар, Пакистан, Пуэрто-Рико, Сан-Марино, Шотландия жана Йеменден бирден спортчу бар", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 27-октябрда эркектер арасында 67 килограммга чейинки салмакта мелдеш өттү. Ага өлкөбүздөн Бахтияр Аманкулов катышып, казакстандык атаандашы Мусса Бексултанды 0:3 эсебинде жеңип алган. Ал эми 60 килограммга чейинки салмакта Урматбек Абдилаев венгриялык Лоранд Капдевону 5:0 эсебинде утканы белгилүү болду.

Бул спортчулардан тышкары чемпиондукка Айбек Ибраимов (75 кг), Айбол Шадыканов (84 кг), Адилет Шадыканов (84 килограммдан жогору), Элнура Камчыбекова (50 кг), Кымбат Тойтонова (55 кг) катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Amanov
2016-10-28 10:00:16
баарыңарга ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан