КҮНСЕРЕП: Канат Исаев өзү казышкан аңга өзү түштү

Бүгүн, 28-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясындагы “төңкөрүштөн” кийин Канатбек Исаев лидерликтен четтетилди. Ошентип, Исаев бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинин кезектеги курмандыгы болуп калды. Окуянын көңүл бурдуруучу өзгөчөлүгү, алгач Исаев бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин активдүү колдоп келип, бирок соңунда Конституцияны өзгөртүүгө керектүү "Референдум жөнүндө" мыйзам долбооруна “Кыргызстан" фракциясынын бир топ депутаттары менен чогуу каршы добуш берген. Исаев көз карашынын кескин өзгөрүшүн бийлик депутаттарды ою-боюна койбой, зордоп добуш бердирип жатканына каршы болгону менен түшүндүрдү. Депутат акыры чындыкты айтууга аргасыз болду көрүнөт, анткени Жогорку Кеңеште мына ушундай зордоп-коркутмай орун алып жатканын 2 ай мурда “бир болчу” Чолпон Жакупова да айтып чыккан эле.
Бийлик депутаттарды коркутуп, өзү каалаган нерсени жасатып жатканда депутаттардын жалгыз таянары - эл. Анткени азыр элдин таламын талашып, бийликтин туура эмес иштерин айтып чыккан эл өкүлдөрү бийликтин колундагы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу "эл душманы" кылып көрсөтүлүп, күч органдарынын тебелендисинде калышы мүмкүн. "Ата Мекендин" депутаттарына жасалган мамиле мунун айкын далили. Ал эми бийликке жаккан, "кнопка баскыч" депутаттарга мамлекеттик гезит, телеканалдардан жаман сөз айтылбайт, алар укук коргоо органдарынан куугунтугу эмне экенин билишпейт. Элге жек көрүндү кылуу чабуулуна кабылгандардын баары бийликти айыптагандар. Мындайда эл үчүн иштейин деген депутаттардын аргасы түгөнөт да, эрки жеткендери акыры Исаев сыңары агынан жарылат.
Исаевдин бул билдирүүсү Кыргыз жергесинде авторитардык бийлик орноп жатканынын дагы бир белгиси. Азыр ошол режимдин түптөлүшүнө салым кошуп жаткан аткаминерлер ойлонушу керек. Анткени азыр өздөрү өстүрүп жаткан "ажыдаарга" эртең өздөрү дагы жем болушат...

Президент Алмазбек Атамбаевдин баласынын "Автомаш-Радиатор" компаниясы 2016-жылдын 6 айында тендерден утканы үчүн мамлекеттик бюджеттен 92,5 миллион сом алган. "Акчабар" порталына жарыяланган маалыматка таянсак, быйылкы жылдын 6 айында мамлекеттик сатып алуулар боюнча 17 миллиард 530 миллион сомдук 12 176 тендер өткөрүлгөн. Сатып алууларга бюджеттен 10 миллиард 265 миллион сом жумшалган. "Автомаш-Радиатор" бюджеттен ири суммада каржыланган 29 компаниянын ичине кирди. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чиновниктердин же алардын жакындарына таандык компаниялардын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна жол берилбейт. Мыйзамды 2014-жылы парламенттин 5-чакырылышы кабыл алган. Убагында депутат Дастан Бекешев чиновниктердин жакындарына тиешелүү компаниялардын тендерлерге катышкан фактыларды текшерүүнү суранып Башкы прокуратурага кайрылып жүргөнү белгилүү. Аталган мыйзамда "президенттин жакындарынын ишканалары тендерлерге катышса боло берет" деген жери жок. Тендер чуусу убагында Тайырбек Сарпашевге да жабышкан. Сарпашев негиздеген "Градиент" компаниясы мыйзамсыз түрдө "Кумтөр" ишканасына мотор майларын ташып жатканы айтылып, 2014-жылы фактыны иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын төрагасы Максат Сабиров чиновник Сарпашев кызматта турган учурда аталган компанияга кожоюндук кылып турганын, "Градиент" компаниясы 5 жылдын ичинде 110 тендерден утуп чыкканын расмий маалымдаган. Президенттин уулунун компаниясына байланыштуу маалымат ансыз да көпчүлүк ишеним артпаган мамлекеттик тендерлердин мыйзамдуулугуна шектенүүнү, ишенбестикти күчөтөт. Мыйзамдар качан баарына тегиз иштейт?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан