Бишкекте өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө биринчилигинде 17 өлкөнүн спортчулары күч сынашууда. Мелдештин жүрүшүнө Орусия, Украина, Беларусь, Казакстан өлкөлөрүнөн келген калыстар калыстык кылып жатышат.
Мелдештин 1/8 финалында Каныбек Сагынбаев украиналык Ярослав Торнаведский менен беттешип, 7:4 эсебинде жеңип алды. Ал эми Канат Сыдыков орусиялык Леонид Швыряев менен беттешип, 1:7 эсебинде жеңилип, оюндан четтетилди. Ошондой эле Даниель Ажыбек уулу орусиялык Ильдар Вахитов менен таймашып, 1:7 эсебинде утулду.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынан 22 спортчу катышып, алардын ичинен 19 спортчу жеңилип, оюндан четтетилген.