Ысык-Көл тууралуу ырдаган ырчылардын катарын ырчы Азур да толуктайт. Ырга алгач сюжеттүү клип тартуу пландалган, бирок модель кыздардын кежирлигинен улам алар тартылган кадрлар алынып, сюжетсиз клип тартылган. Ырчы кечки съёмка учурунда чиркейге таланганын айтат.
"Бишкекте бир нече кадрлар украиналык моделдердин катышуусунда тартылган болчу. Жарымын көлдө тартууну пландаганбыз. Ал жакка баргандан кийин кежирленип, "1 эле саат убактыбыз бар" деп башташты. Оператор да ачууланып кетти окшойт, "тартылбай эле койгула" деп койду. Анан кайра башка трек клип тартууну чечтик. Мен көп тартылбайм го деп аз эле кийим алган элем. Болгон формаларды кийип тартылууга туура келди. Учактын жанында ырдап жатып айланадагы элден аябай сүрдөгөм. Алгач мени орус деп ойлошуптур, эс алуучулардын баары келип, мени менен сүрөткө түшүп жатышты.
Кызыгы, кечки съёмка учурунда чиркейге аябай таланганбыз. Суудан үшүп чыксак, кашайып унаабыз бузулуп калды. Үшүп-калчылдап, анан чоң жолго чыкканбыз. Мени көбү орусиялык ырчы Жанна Фрискени туураптыр деп айтып жатышат. Андай эмес, баары күтүүсүздөн болуп кеткен, андыктан бирөөнү туураганга убакыт болгон жок", - дейт ырчы Азур.
Азурдун "Иссык-Куль" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.