Казакстандык төрт спортчу олимпиадалык медалдарынан айрылышат

Казакстандык төрт спортчу олимпиадалык медалдарын артка кайтарып бериши керек. Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алды.

Чечимге ылайык, казакстандык оор атлетчилер Зульфия Чиншанло, Майя Манеза жана Светлана Подобедова 2012-жылкы Лондон оюндарында уткан алтын медалдарын артка кайтарып бериши керек. Казакстандык эркин күрөш балбаны Таймураз Тигиев 2008-жылы Пекиндеги Олимпиадада уткан күмүш медалынан ажыратылды. Бул спортчулардын анализдерин кайра текшергенде допинг табылган.

Ошондой эле канынан тыюу салынган заттар чыккан спортчулардын тизмесинде казакстандык оор атлетчи, Лондондо жана Пекинде өткөн Олимп оюндарынын чемпиону Илья Ильин да бар. Эл аралык Олимпиада комитетинен билдиришкендей, анын Пекинде жана Лондондо алынган анализдеринин жыйынтыгында канынан тыюу салынган станозолол заты табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
balykchy2012
2016-10-29 10:44:06
Кыныр иш кырк жылда билинет деген элибизде.
+3
munar79
2016-10-29 11:07:22
Кыргыздардан чукушту уйронушкон окшойт алимпияда комитеттери жакшы болбоптур бирок
-16
beka1207
2016-10-29 12:15:20
munar79,
Коммент жазганың жакшы экен го бирок элементарный "олимпиада" сөзүн жазалбаганың чатак экен
+25
munar79
2016-10-29 23:03:30
beka1207,чондорду суйлобосода болот кордунбу а нын ордуна я басылып калыптыр чукуп жатасын канга синип буткон чукуш кыргызга
-4
meerimma84
2016-10-29 11:19:43
Тапшырган анализдери катып калдыго тообо
-5
Rifle_I
2016-10-29 12:32:42
meerimma84,коррупция ката элек
+3
kan_koshcoi
2016-10-29 11:19:45
Олимпиаданын да баркы кетти корунот.
Ушинтип чукуй берсе эч ким барбай койсо болот.Илгери "Спорт-тынчтыктын символу"эле,азыркы убакта "Спорт-сасыган саясаттын куралы"болуп баратат.
+21
azamat.k
2016-10-29 11:22:22
Негизи дуйнолук олимпиадага барбай коюш керек пайдадан зыяны коп.Андан коро кочмондор оюнун уюштуруп эле,коптогон медальдарды ута беруу керек.
+15
arena2014
2016-10-29 11:30:26
azamat.k,)))
0
Tansuluu09
2016-10-29 11:52:56
Жаман болуптур..
Биздин Иззат алган медаль эмне болуптур ошол боюнча маалымат берип коюгулачы Супер инфо
+5
azamat.k
2016-10-29 13:20:42
Tansuluu09,Иззат ломбардка тапшырып жиберген алып коюшат деп.
+12
glaz_almaz
2016-10-29 16:21:34
azamat.k, хе хе.Ошондой эле кылыш керек озу.
-2
Eka.
2016-10-29 16:47:12
azamat.k,ломбард жездерди албайт ))
-3
Asyl.jazi
2016-10-29 12:00:51
Анализдери эми чыктыбы? Ошол маалда эмне кылып журду бул комитет
+8
tashi62
2016-10-29 12:51:53
Жалган жалаа деп ойлойм
+2
Dastanwanted
2016-10-29 13:04:33
Жөн эле койбоптүр да
0
maks83
2016-10-29 15:16:01
анализ 8жыл 4жылда аран чыгабы?
+2
Buldoook
2016-10-29 17:49:57
Казактын баардык медалын ашып таштагыла керек болсо
0
chon.alai.
2016-10-29 18:05:51
опкосу жоктор аябай мактанышты эле
+1
Rahim76
2016-10-29 19:17:47
Мага комментарий окуган жагат та.
+1
elmurat.kg
2016-10-30 00:07:11
ажап боптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан