Бүгүн, 29-октябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 3-айлампасынын алкагында 2 беттеш орун алат. Бишкек шаарында "Дордой" футболдук клубу "Алга" менен беттешип, беттеш 2-орундун тагдырын чечет. "Дордойдун" лидерлик сапка чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Ош шаарындагы беттеште "Алай" клубу канттык "Абдыш-Атага" утулуусу же тең чыгуусу күмөн. Андыктан "Дордой" менен "Алайдын" тиреши дагы да болсо уланууда.
“Дордой” (Бишкек) – “Алга” (Бишкек)
Стадион: Бишкек шаары, "Дордой" спорткомплекси
Башталышы: 15:00
“Алай” (Ош) – “Абдыш-Ата” (Кант)
Стадион: Ош шаары, А.Сүйүнбаев атындагы стадион
Башталышы: 15:00
Мелдеш жадыбалы: