Кыргыз жеринде спортчунун түйшүгү залдарда машыгып, тер төгүү менен бүтпөйт. Спортчулар спорттук карьерасында секирик жасоо үчүн бардык тажрыйбага муктаж. Бирок чет жердеги машыгуулар, чет жердеги мелдештер, жаракат алган соң дарылануу жана үй-бүлөнү багуу ири суммадагы каражатты талап кылат. "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 5-орунду ээлеп, бул үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алган балбан Арсен Эралиев бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG порталына каражатты кандай максатта колдоно турганы тууралуу айтып берди.
Балбан алгач мындай суммадагы каражат спортчулар үчүн жашоо шартын өзгөртүүгө шарт түзөрүн айтты. "Буга чейин шаарда өз үйүм жок болгондуктан, сыйлыкка алган акчанын үстүнө дагы акча кошуп, үйлүү болгону турам. Олимпиаданын алдында акчалай сыйлык убада кылынганы менен, мен ага көп маани берген эмесмин, себеби биринчи кезекте "медаль тагынам" деген максатта баргам. Мындай колдоо, бөлүнгөн каражат менин керегиме жараганы турат. Бардык эле спортчу спорттун аркасы менен жашоо шартын оңдоп, турмуштук түйшүктөрдөн арылып, спортко көбүрөөк көңүл бурууну максат кылат. Мындай колдоо болуп турса, кийинки Олимпиадада спортчуларыбыз медаль тагынат деген ишеним бар", - дейт спортчу.
Ал эми "Мамлекеттин колдоосунан өксүп, мелдештерге катышуу үчүн каражат издеген учурлар болду беле?" деген сурообузга төмөнкүдөй жооп алдык: "2010-жылы мен өлкө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп калып, эл аралык мелдешке өзүм табууга мажбур болгом. Олимпиаданын программасына кирбеген спорт түрлөрү менен машыккан спортчулар мындай кырдаалга көп эле туш болушат. Олимпиадалык спорт түрлөрүн каржылоо акыркы 2-3 жылда жакшырганы байкалууда".
Кошумчалай кетсек, А.Эралиев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль үчүн болгон беттеште утулуп, 5-орунду ээлеп калган. Бул үчүн ал өкмөттөн 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алган. Акчалай сыйлык өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралдагы токтомунун негизинде ыйгарылган. Токтомдо Олимпиада оюндарында жана Паралимпиада оюндарында алдынкы сегиздикке кирген спортчулар үчүн акчалай сыйлык каралары жазылган.
Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын жыйынтыгында алдынкы сегиздикке кирген спортчулар сыйлыкка ээ болушкан. Алар:
Спортчу: Арсен Эралиев (грек-рим күрөшүнөн 5-орунду ээлеген) - 1 миллион сом
Жеке машыктыруучусу: Мейрамбек Ахметов - 250 миң сом
Башкы машыктыруучу: Канатбек Бегалиев - 250 миң сом
Спортчу: Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштө 5-орун) - 1 миллион сом
Жеке жана башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков - 500 миң сом
Спортчу: Юрий Краковецкий (дзюдо боюнча 7-орунду ээлеген) - 800 миң сом
Жеке машыктыруучусу: Сергей Мистрюков - 200 миң сом
Башкы машыктыруучу: Абдразак Шаршенов - 200 миң сом
Спортчу: Эсен Калиев (Паралимпиадада пауэрлифтинг боюнча 5-орунду ээлеген) - 1 миллион сом
Жеке жана башкы машыктыруучу: Аднан Жабраилов - 500 миң сом
Спортчу: Жыргал Оросбаев (Паралимпиадада пауэрлифтинг боюнча 6-орунду ээлеген) - 900 миң сом
Жеке машыктыруучусу: Аслан Жабраилов - 225 миң сом
Башкы машыктыруучу: Аднан Жабраилов - 200 миң сом