29-октябрда Бишкектеги "Сейтек" борборунда "Тамашоу" Лигасынын 9-сезону старт алды. Оюн белгиленген убакыттан туура 30 мүнөт өткөндө, 18:30да башталды.
"2008-жылы 1-ноябрда дал ушул жерде "Тамашоу" Лигасы башталган. Арадан жылдар өтүп, бүгүнкү "Тамашоунун" 9-сезонунун ачылышы да ушул жерден башталды", - деген алып баруучу Эрмек Нурбаев оюндун башталганын жарыялап, бардык командаларга ийгилик, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай каалады. Калыстар тобунун катарында режиссёр Рысбек Жабиров, SUPER.KG порталынын директору Айсулуу Алимбекова, ырчы Урмат Усенов, продюсер Нурлан Жаныбеков жана алтайлык коомдук ишмер Акай Кине болду. "Тамашоунун" ачылышында 13 команда: "Универсал", "Ассорти", "НКБ", "National", "Ошингтон", "Ацтек", "МК шоу", "Stud life", "Кара-Балта", "Мисс шоу", "Келечек", "Бугу", "Мурас" болду. Командалар "Фристайл" сынагында оюн көрсөтүшүп, "Мыкты оюнчу", "Мыкты тамаша", "Мыкты команда" наамдары үчүн күч сынашты.
"Тамашоучулар" коомдогу, саясатта болуп жаткан окуяларды тамаша аркылуу көрсөтүп жатышты.
Оюнда айтылган тамашалар:
"Бугу" командасы:
- Биз "Сейтектин" ичиндебиз.
- Сейтек менин ичимде.
- Бар, Конституция болуп кетчи!
- Кандайча?
- Жоголуп кетчи!
"Кыргыз style" командасы:
- Аялыңыздын ичи чыгып калдыбы, бирөөдөн шекшип жатасызбы, анда "Боботик" бериңиз.
"Ошингтон" командасы:
"Кожожаш" тасмасында Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева роль аткарганда:
- Кожожаш, сур эчкилерди атпаңызчы... Убалы тийбесин.
- Ай, Зулайка, былжырабай ары турчу.
- Анда өзүң билип, өтүгүңдү төргө ил.
- Сур эчкилерди атпасам да, текелерди атышым керек.
"МК шоу" командасы азыркы заманбап үйлөнүү тойлору кандай өтөрүн көрсөттү.
- Кулдугубуз бар, кулдугубуз бар.
Машинасы бар, үйү бар, акчасы бар.
"Ацтек" командасы:
- Чоңойгондо ким болосуң?
- Депутат болом.
- Эмне кыласың депутат болуп? Азыр таш ыргытсаң, депутаттардын башына тиет.
- Ошо, айтам да, эмнеге эртең менен атамдын башы шишип калган деп?..
"Stud life" командасы:
Кыз: - Сиз мени сүйөсүзбү?
Жигит: - Сүйөм.
Кыз: - Анда сизге табышмак айтайын, тапсаңыз мага үйлөнөсүз, таппасаңыз жок. Өзү жапжашыл, сууда жашайт. "Бак-бак" деп жүрөт.
Жигит: - Эшек.
Кыз: - Жок.
Жигит: - Бак эшек.
Кыз: - Туура.
"Ассорти" командасы:
- Алар будильникти 6га коюшат, бирок саат 9:30да ойгонушат. Жолдо баратып сабак карашат. Алар
уйкучу студенттер. Жакында бардык окуу жайларда...
"Келечек" курама командасы түрдүү улуттун өкүлдөрүнөн куралгандыгын айтып өттү. Айрыкча бут кийимдер тууралуу мода көргөзмөсү залдагы элдин күлкүсү, кол чабуусу менен коштолду. Ошондой эле алар командасындагы африкалык кара тору жигиттерди "Кара жорго" бийин бийлетишти.
Оюндун соңунда "Мыкты команда" наамын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан келген "Stud life" командасы алып кетти. Ал эми "Бугу" командасынын мыкты бийчиси Бексултан "Мыкты оюнчу" деп аталса, "Мыкты тамаша" деп "Ошингтон" командасынын тамашалары табылды.